Материалдык-техникалык база

Кызыл-Кыя медициналык колледжи жонундо маалымат.pdf

Кызыл-Кыя медициналык колледжи жонундо маалымат.pptx

Колледждин тарыхы тууралуу маалымат

1951-жылы Ош шаарындагы 2 жылдык медайымдар мектеби Кызыл-Кыя шаарына ачылып, өз ишин уланта баштаган. Жаңы ачылган жылы билим алууга келген студенттердин саны 30ду гана түзгөн.

Окуу жай Ноокатта, Кадамжайда, Баткенде, Лейлекте, Айдаркенде, Караванда жана Уч-Коргондо медициналык кызматкерлердин жетишиздигинен улам  ачылган.

Медучилища Кызыл-Кыя шаарында шаардык ооруканага жакын жерде жайгашкан. Ошондой эле оорукана бул окуу жай үчүн тажрыйбалык  база болуп калды. Ошол мезгилде медучилищеде атайын кошумча бөлүмдөр ачылган.

1952-жылы окуу жайда билим алган студенттердин саны 90го жеткен.

1954-жылы медучилищада билим алуунун мөөнөтү 3 жыл 10 айды түзүп, кошумча акушердик жана фельдшердик кесиптер ачылган. Бул жылы студенттердин саны 120га жеткен.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо Министринин буйругу менен 2008-жылдын 10-декабрында №3639 Кызыл-Кыя медучилищасы медициналык колледж  болуп түзүлдү. 2009-жылдын 12-мартында  №107 уставы бекитилген.

Бүгүнкү күндө студенттер 6 кесиптик багыт боюнча билим алышат.

Учурда окуу жайда 65тен ашуун кесипкөй жана тажрыйбалуу окутуучулар курамы кесиптик компетенттүүлүккө ээ болгон адистерди даярдоо үчүн өз салымдарын кошуп келишүүдө.

2.Окуу жайдын материалдык техникалык жактан камсыздалышы

Окуу процессин жүргүзүү үчүн Кызыл-Кыя медициналык колледжи төмөндөгү бөлүмдөрдө окутуу ишин алып барат:

  • 4 кабаттуу окуу корпусу, атайын 48 аудиторияга ылайыкташтырылган.
  • Кызыл-Кыя медициналык колледжине караштуу дарыкана (аптека).
  • Клиникалык базасында: шаардык оорукананын территориясында 10 окуу каанасы жана лабораториясы бар.
  • Окуу жайдын жатаканасында 20 окуу каанасы жана лабораториясы бар.
  • Атайын спорттук оюндарга ылайыкташтырылган спорт аянтчасы бар.